Элнура Алканова 

Алканова Элнура Сайдиракмановна 1992-жылы дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган.

2008-жылы орто мектепти аяктаган соң ата-энесинин жолун жолдоп, өзүн медицинага арноону чечкен жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фармакология факультетине тапшырган. Муну менен эле токтоп калбастан дароо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияга да окууга кирген.

Дипакадемияны аяктаганга чейин эле, 2015-жылдын мартынан тарта “Kloop” маалымат агенттиги менен кызматташып, журналисттик иликтөөлөрдү жана актуалдуу интервьюларды жасай баштаган.

Журналисттик иликтөөгө жана маалыматтын чын-төгүнүн териштирүүгө болгон кызыгуу Элнураны 2016-жылы эл аралык журналисттик антикоррупциялык долбоорго (OCCRP – Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору) алып келди. Ал бул долбоордун алкагында Сараево менен Прагада (Босния жана Герцеговина, Чех Республикасы) иштеп, тажрыйба топтоду.

Эл аралык журналисттик иликтөөлөргө аралашып, жетиштүү тажрыйба топтогон соң Элнура Алканова мекенине кайтып, Бишкектеги “Азаттык медиа” (“Азаттык” радиосу – RFE/RL кыргыз кызматы) мекемесинде иштей баштады. Ал жерде дароо журналисттик иликтөөлөргө киришип, 49 адамдын өмүрүн алган Дача-СУ конушундагы авиакырсыктын чоо-жайы боюнча иликтөө жасады. Анын дагы бир башка иликтөөсү Жогорку Нарын каскады менен кошо дагы он бир ГЭС куруу боюнча жасалма келишимди ашкерелөөгө жардам берди. Ошол туштагы кыргыз өкмөтү бул долбоорду Чехиядан келген бир алдамчы компанияга бермекчи болгон.

Элнура Алканова мамлекеттин ээлигиндеги жер тилкелери арзыбаган тыйынга сатылышы жана бул иштеги ири коррупция боюнча да иликтөөлөрдүн сериясын алып чыкты. Бул резонанстуу иликтөөлөрдүн натыйжасында иш козголуп, бийликтин бийик тепкичтеринде отурган бир канча адам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция беренелери боюнча айыпталып, темир тор артына түшкөн.

Учурда Элнура Алканова турмуш жолундагы жаңы баскычка багыт алып, чоң саясатка кадам таштады. Ал жүрөгүн тыңшап жана ар тараптуу анализдердин жыйынтыктарына таянуу менен алдыдагы саясий ишмердигин “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен байланыштырууну чечти жана анын катарына кирди.  Акыйкаттыкка жетүү үчүн мамлекеттик бийликтин бир бутагында болуу зарылдыгын түшүнгөн Элнура Алканова ушул партия менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу чечимин кабыл алып, партиялык тизмедеги 8-орунду ээледи.

Элнура Алканова – мыкты журналист, журналисттик иликтөөлөр жана актуалдуу интервьюлар боюнча адис, публицист жана аналитик. Ал жаш жана амбициялуу, өзүнө-өзү сынчыл жана талапчыл, өзүн-өзү өстүргөн жана айлана-чөйрөсүн да жакшыртууга умтулган адамдардын катарына кирет. Өлкөнүн саясий жетекчилигинде азыр дал ушундай инсандар жетишпейт.

Элнура Алканованын журналисттик ишмердиги жаш экенине карабай эл аралык медиа-коомчулуктун да көзүнө илинип, антикоррупциялык иликтөөлөрдөгү ийгилиги жогору бааланган. 2019-жылы ал Катардын ROLACC фонду БУУнун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча агенттиги менен биргелешип уюштурган эл аралык абройлуу сыйлыктын лауреаты болду. 2017-жылы да эки сыйлыкты – Сөз эркиндиги комитетинин “Жыл жаңырыгы”, Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун “Жылдын иликтөөсү” сыйлыктарын утуп алган.

Элнура Алканова мыкты жолдору, заманбап ооруканалары бар, социалдык кызмат көрсөтүүлөр баары үчүн жеткиликтүү, ар бир адамдын маселеси угулган жана чечилген жаңы Кыргызстанды курууга жана өнүктүрүүгө татыктуу салым кошот. Биздин эң башкы байлыгыбыз, негизги ресурсубуз – элибиз, өлкөбүздүн калкы эмеспи. Өлкөбүздө эң жакшы шарттарды түзүү менен биз жумушсуздукту жеңебиз жана эмгек миграциясын кыскартабыз.

Биздин талапкердин ийгилигинин негизги сыры – коомдогу социалдык маселелерди чечүүдө жана ар бир жасалган кадамдын ачыктыгында. Көздөгөн максатка жетүү үчүн алдыда татаал жолду басып өтүүгө туура келет.

«Мен коррупциялык иштерге байланыштуу иликтөөлөрүмдү жарыялаган сайын адегенде айыпкерлер – жогорку даражадагы аткаминерлер кантип камалганын, бирок кийинчерээк сот аларды бошотуп, башка майда чиновниктер жазага тартылып жатканын көрдүм.

Мен иликтөөлөрдү кимдир-бирөөнү каматуу максатында жасаган эмесмин. Массалык камоолор менен биз коррупциядан арыларыбызга да ишенбейм. Коррупцияны элдин жашоо-шартын жакшыртуу жана экономиканы көтөрүү менен жеңишибиз керек.

Мамлекеттик башкаруу системасы жаңыланып, бардык иш-аракеттер ачык-айкын жүрүшү керек жана жарандар үчүн бардык маалыматтар жеткиликтүү болушу шарт. Бирок азыркы бийлик системасында мен эч кимге ишенбейм. Бул үчүн жеке жашоосун, үй-бүлөлүк байланыштарын, керек болсо байлык-мүлкүн курмандыкка чала турган лидерди көрбөй турам. Парламентке билимдүү, тажрыйбалуу, мамлекетти кайрадан куруу үчүн баарына даярмын деген инсандар келиши керек.

Мен жашмын, энергиям ашып-ташып турат жана журналистикадагы тажрыйбам эч кимден, керек болсо бийликтегилерден да коркпой турганымды далилдеди. Мага жакшы билим алууга, бутка турууга ата-энем жардам берди, а күйөөм менен кичинекей уулум азыр мага мотивация жана күч-кубат берүүдө. Мен өз өлкөм үчүн, кыргыз тарыхын сактоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга даярмын».

    Facebook Instagram YouTube Odnoklassniki VK Telegram