Канат Аманкулов

Күчтүү жана эгемен мамлекеттин негизин – өлкөсү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштеп жаткан эли түзөт. Бийликтен алыс, алар менен да иши жок бул карапайым калк өз алдынча бүтүн Кыргызстандын келечегин түптөп жаткан учуру. Аларга сыйлыктын, урмат-сыйдын, атак-даңктын да кереги жок, алар ар дайым көмүскөдө жүрүшөт, бирок өлкөнүн өнүгүүсү үчүн болгон аракетин аяшпайт. Ар кандай көңүл калуулар, кыйынчылыктар болсо да чыныгы адамгерчилик сапатын бек кармашат.

Алардын ак эмгегинин акысын кайтарчу убак келди: оорулуунун жанында уйкусуз таң атырган врачтардын, бүтүндөй бир муунду тарбиялап жаткан мугалимдердин, спортчуларды жеңишке жетелеп барган машыктыруучулардын, чет өлкөдө иштеп жүргөн жаштардын жана башка тиричилик кылуу үчүн тырмышып жүргөн мекендештерибиздин.

Социалдык багытта эмгектенген тажрыйбама таянып бул тармак башка тармактарга караганда мамлекеттин колдоосуна эки эсе муктаж деп баса айта алам. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка ат салышып жатып алдыма эң башкы максатты – элдин жашоо турмушун жакшыртууну койдум. Мамлекеттик органда иштеп жүргөндө дене тарбия, спорт жана жаштар сыяктуу социалдык багыттар боюнча жигердүү реформаларды жасадым. Азыркы убакта жаштар өз долбоорлорун мамлекеттик органдар менен кошулуп ишке ашырса болот, натыйжада машыктыруучулардын айлык акысы бир жарым эсеге көбөйүп, айыл-шаарларда жашаган тургундарыбызда дене тарбия жана спорт менен машыгууга бардык шарттар түзүлмөк.

Күчтүү жана Эгемен Кыргызстандын негизин – спорт менен алектенип ден соолукту чыңдаган улут, билимдүү жаштар, жогорку квалификациялуу врач, мугалимдер, актуалдуу жаңычылдыктар жана каада-салттарыбыз түзөт. Мен өлкөбүздүн мындай бекемдиги жана туруктуулугу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм.

    Facebook Instagram YouTube Odnoklassniki VK Telegram